Аламүдүн, Сокулук райондоруна таза суу берүү чектелеби? (видео)

1392

Жакында Аламүдүн жана Сокулук райондоруна таза суу берүүдө чектөө киргизилиши ыктымал. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган 2 райондун тургундары муниципалитетке болгон карыздарынан кутулбай жатышыптыр.

Анан да сууну нормадан эки эсе көп колдонуп жатышканы белгиленди. Андыктан муниципалитет бир суткага бөлүнгөн ченемди кармап туруу үчүн таза суунун басымын азайтууга мажбур болуп жатышыптыр. Ал арада Чүй аймагынын айрым айылдарында суу аз чыгып жатса, кээ бир бөлүгүндө таптакыр эле таза суу жок болууда.