Аламүдүндө бир канча үйдү суу каптады (видео)

777

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күн жылый баштаганына байланыштуу кооптуу аймактарды суу каптоо коркунучу бар экенин эскертет. Чукул кырдаал жаралбаш үчүн жергиликтүү элди өз убагында арыктарды тазалап турууга чакырат. Кечээ күнкү жамгыр айрым аймактын тургундарын түйшүккө салды. Чүй областынын Таш-Дөбө айылында бир канча турак жайды суу каптады. Тоодон агып түшкөн суу арыкка батпай, короо-жайларга чейин кирип кеткен. Жерине адистер чакырылып, суу сордурулуп, нугу бурулган. Учурда жергиликтүү жашоочулар турактарын баткактан тазалап жатышат.