Албек Ибраимов камакка алынды

1386

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов УКМК тарабынан кармалып, башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Ибраимов буга чейин бир нече жолу суракка чакырылган. Бүгүн болсо тергөөчүгө коркутуу менен жооп берип, курал колдоно турганын билдирген.

Белгилей кетсек, Албек Ибраимов бир нече кылмыш иш боюнча кармалган. «ТНК Дастан» ачык акционердик коомунда иштеп жаткан кезде коргонуу багытындагы каражатты сатып алуу үчүн ири суммадагы каражат кетчү келишим түзгөн. Мындан соң ал товар жеткирип берген тараптан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алганы айтылат. Ушул эле кылмыш иштин алкагында «Солнечный берег» пансионатын сатууда «ТНК Дастан» ачык акционердик коому 152 миллион сом чыгым тартканы аныкталган.

Ошондой эле, жер тилекелерин берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча да кылмыш иши козголгон. Анда Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп турганда өзүнүн жана башка тараптардын материалдык пайдасы үчүн коррупциялык схема уюштуруп мыйзамсыз түрдө жер тилкелерин берип жибергени айтылат.

2017-жылы Ибраимовдун түздөн-түз тапшырмасы менен конкурс өтүп, Бишкектин түштүк тарабындагы аянты беш гектардан ашык эки жер тилкеси ортомчулардын атына катталган. Муну менен аталган жер тилкелери үчүнчү тарапка кымбат баада сатылып кеткени белгиленди.

Эскерте кетсек, шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.