Албек Ибраимовдун иши боюнча сот башталат

674

Бүгүн, 15-январда Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү башталат. Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, ишти Бишкектин Октябрь райондук соту карайт.

Албек Ибраимовго «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Мындан тышкары Ибраимов Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушунан акча өөнөө фактысы боюнча да айыпталууда. Бул иш боюнча соттук териштирүү баштала элек. Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети мектеп курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын жарыялаган.

Мектеп курулушундагы коррупцияга байланыштуу аны менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын бири, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду Бишкек шаардык соту 31-январга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.