Албек Ибраимовго «коррупция» беренеси менен айып тагылды

660

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Албек Ибраимов Бишкек шаарынын башка жооптуу кызматкерлери менен бирге кылмыштуу жолдорду түзүп, кааланын түштүк тарабындагы муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берген.

«Жерлер өздөрүнө жакын адамдардын ысмына өткөрүлүп, кийин алар аркылуу башка кишилерге сатылган, — дейт УКМК.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Дастан» заводунун мүлкүн жок кылуу айыбы менен кармалып, 29-августка чейин камалган.