Алдамчылардын айынан балдар олимпиадага барбай калышабы? (видео)

659

Бишкекте жүздөн ашык адамды алдап кетти деген шек менен туристтик компаниянын жетекчиси камакка алынды. Ири суммадагы акча төлөп бирок, билет жок ара жолдо калгандар милицияга арыз жазышкан. Алар Түркиянын Анталия шаарына барып, балдар арасында өтүп жаткан менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага жетишип калышы керек эле.

Бирок туристтик билеттерди убадалаган компания ата-энелерден акча чогултуп алган соң, акыркы күнү өзүн банкрот деп жарыялаган. Учурда ата-энелердин кызылдай акчасы күйүп, ал эми алдамчылардын айынан өлкө намысын коргоочу балдар олимпиадага барбай калуу коркунучунда турат.