Алдамчылардын торуна илинген инвестор (видео)

1713

Кыргызстанда ишкерлик кылам деп, банкрот болгон Корея жарандары Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөт башчыга кайрылышты. Түштүк Кореялык бизнесмендер 2012-жылы Бишкекке келип, алтын кен казган ишкерлер менен келишим түзүшөт. Чет элдик инвесторлор Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы «Төмөнкү Чандалаш» алтын кенин иштетүү үчүн 1 миллион 300 миң доллар салганын айтышууда.

Көп өтпөй, чет элдик жарандар аларга берилген документтер жасалма экенин билишет. Корея ишкерлери мындан тышкары дагы 3 жолу шылуундардын торуна түшүп, учурда же Кореяда же Кыргызстанда бизнеси жок калганын айтып, бийлик өкүлдөрүнөн жардам сурашууда.