Алдын-ала добуш бере тургандардын саны 100 миңге жетиши мүмкүн (видео)

3473

3-октябрда алдын-ала добуш бере тургандардын саны кеминде 100 миңге жетиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин эсептөөсү боюнча, алардын жардамы менен кээ бир ири партиялар 10 мандатка чейин ээ болушу ыктымал.

Ошондуктан эл өкүлү шайлоого катышып жаткан саясий уюмдарды эрте добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга чакырды. 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо 19 миңден ашуун адам алдын-ала добуш берген. Быйыл бул тизмеге канча адам кире турганы азырынча расмий тактала элек.