Алдын ала эсеп боюнча Жээнбеков 54,04% алды

861

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээки президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55, 93 % түздү.

Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 917 529 киши добуш берген.

Экинчи орунга 565 721 добуш же шайлоочулардын 33,3 пайызынын колдоосуна ээ болгон парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов чыкты.

Жээнбеков Ош облусунда добуштардын 72 пайыздан ашыгын алса, Бабанов Талас облусунда 85 пайыз алган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миң добуш алып, 6,3 пайыз менен үчүнчү орунга жайгашты.

«Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевге шайлоочулардын 42,7 миңи, Таалатбек Масадыковго 10 миңден ашууну добуш берген.

Бирок кечээ жер-жерлерден мыйзам бузуулар боюнча көп видео материалдар келип түшкөн. Бул видеодо көрүнүп тургандай, шайлоо комиссиясынын өкүлү шайлоочунун кимге белги коюп жатканын текшерип жатат.

Ал эми мыйзамдагы талапка ылайык, добуш берүүнүн купуялуулугун бузгандар кылмыш жообуна тартылып, 2 жылга чейин эркинен ажыратылуусу тийиш.