Алдыңкы эки аптада илдет күчөйт деген божомолдор айтылууда (видео)

4314

Коронавирусту дарылоо жаатында жаңы протокол иштелип чыгууда. Бул тууралуу өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди. Эки апта аралыгында чыга турган бешинчи протоколдо буга чейинки кемчиликтер оңдолуптур. Тактап айтканда, үйдө дарылоо, сасык тумоо менен коронавирус аралашса эмне болот деген суроолордун баары камтылган. Ошондой эле ак халатчандар өлкөдө эпидкырдаал курч экенин, күнүнө жаңы типтеги вирустун кесепетинен улам көз жумгандар катталып жатканын айтып коңгуроо кагышууда.

Акыркы бир сутка аралыгында эле 4 бейтап өмүрү менен кош айтышса, 400 киши жаңы жугузуп алган. Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мурдагы “Ганси” авиабазасынын аймагындагы «Семетей» госпиталын кайрадан даярдай баштады. Алдыңкы эки аптада илдет күчөйт деген божомолдор бар.