Алдыңкы талапкерлерди каралоодо бардык ыкмалар жасалууда (видео)

700

Буга чейин айрым бир талапкерлерге карата кара пиар мамлекеттик телеканалдарда, басылмаларда жүрүп келсе, эми кезек телефондук тиркемелерге жетти. Акыркы күндөрү вотсап, мессенджерлер аркылуу ар кандай мүнөздөгү билдирүүлөр таратыла баштады. Анда алдыңкы талапкерлерди ачык эле каралап, жалган маалыматтар берилип жаткандыгын байкоого болот. Пиар технологтордун айтымында, үгүт иштерине телефондук тиркемелерди пайдалануу көнүмүш адатка айланып баратат. Бирок кара пиар үчүн колдонуу жарандарды тажата баштайт. Андыктан шайлоочулар келген билдирүүлөргө көп маани бербей, талапкерлерди программасына жараша тандашы керек, дешет адистер.