Александр Кимге карата козголгон кылмыш иши токтотулду

685

«Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы кожоюну Александр Кимге козголгон кылмыш иши токтотулду. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кабыл алды. Адвокаттар Кимге карата «Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши мыйзамсыз деп арыз жазышкан. Анын негизинде Свердлов райондук соту жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Былтыр Биринчи май райондук соту Александр Кимди 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Анткени 2014-жылы анын мурдагы өнөктөшү Александр Рябушкин сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн тарттырып жибергенин билдирген. Эки тарап бири-бири менен соттошуп отуруп, бул жолу сот Кимдин пайдасына чечим чыгарып берди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.