Александр Лукашенко Кыргызстандан качып кеткен Бакиев менен жолукту

756

Тышкы иштер министрлиги Беларусь элчилигине нота тапшырды. Буга Александр Лукашенконун Кыргызстандан качып кеткен Курманбек Бакиев менен жолугушуусу себеп болду. Анда Лукашенко Курманбек Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек бергенден кийин айрым суроолорду талкуулашканы кабарланууда.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда соттолгон адам менен президент расмий түрдө жолугуп, ачык мамиле түзүп жатканына нараазычылыгын билдирип, каршылыгын жазган. Ошондой эле, Беларусь бийлигин бул кырдаал боюнча кадамдарын өзгөртүп, эки тараптуу кызматташууну алдыга жылдыруу үчүн кылдат мамиле жасоого чакырды. Кыргызстан тарап бул жолугушууда мамлекеттик символикаларды колдонуу жана эки өлкөнүн достугун белгилөө такыр туура эмес деп эсептейт. Ошондой эле ал эки мамлекеттин кызматташтык жана достук мамилесинин принциптерине дал келбей турганын белгилеген.

Курманбек Бакиев 2010-жылы апрель коогалаңында Кыргызстандан качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.