Алексей Навальный 20 суткага камалды

866

Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков 20 суткадан камакка алынышты. Административдик иш боюнча Навальныйга карата чечимди Москванын Симонов соту, Волков боюнча Савелов соту чыгарды.

Оппозициячылар «макулдашылбаган иш-чараларга катышууга бир канча жолу чакырык жасоого» күнөөлүү деп табылышты. Алар 29-сентябрда Нижний Новгороддогу митингдин алдында кармалган. Бирок ошол эле күнү кое берилип, 2-октябрда сотко келүүлөрү керектиги эскертилген.

Навальный өзүнө карата чыгарылган өкүмдү «[Орусиянын президенти Владимир] Путиндин мааракесине белек» деп атап, тарапташтарын 7-октябрда Санкт-Петербургда митингге чыгууга чакырды. Волков болсо нааразылыгын билдирип ачкачылык жарыялады.