Аликбек Жекшенкулов ата-энесинин үйүн бала бакча катары колдонууга берет

760

Бул тууралуу саясатчынын уулу Беккул Жекшенкулов билдирди.

Анын айтымында, үй Кочкор районунун борборунда жайгашкан. «Айылда бир гана бала бакча болгондуктан, үй-бүлөбүз менен кеңешип ушундай чечим кабыл алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылында бир аз салым кошолу дедик. Азыр үйдү мамлекеттин балансына алуу иштери жүрүүдө. Андан кийин тилкеге бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере тургандай жаңы үй курулат», — деди Беккул Жекшенкулов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.