Алимент төлөбөй жүргөн 2000ден ашык ата издөөдө (видео)

2023

Кыргызстанда учурда балдарына алимент төлөбөй качып жүргөн 2000ден ашык жаран издөөдө. Бул тууралуу Жогорку сотко караштуу сот департаментинин өкүлдөрү билдирди. Алардын айтымында, көпчүлүгү алимент төлөбөш үчүн чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Мындан улам, балдарын каралашуудан качкан аталардын аты-жөнүн, сүрөтүн интернетке жарыялоо сунушталууда. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, сайтта балдарына береселердин төлөй турган каражатынын суммасы да көрсөтүлөт. Мындан сырткары, алименттен качкандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.