Алимент төлөбөй жүргөн депутат, министрлердин ысымдары ачыкталабы? (видео)

999

Балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү барбы? Мындан суроону парламенттин тармактык комитетинин отурумунда депутат Исхак Масалиев сот департаментинин жетекчисине узатты. Ал өз кезегинде бул суроого кат жүзүндө гана жооп бере турганын айтты. Отурумда алимент төлөбөй жүргөндөргө карата жаңы чараларды колдонуу боюнча документ сунушталып, ал кызуу талкууланды. Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 41 миңден ашат. Алардын 28 миңи айлап-жылдап балдарына каралашпай жүргөндөр. Демилгечилердин айтымында, алардын арасында байлар да арбын. Эми алимент төлөтүү үчүн кандай мажбурлоо чаралары колдонулат?