Алмаматовдун бошотулушу. Судьяларды кандай жаза күтүп турат? (видео)

797

Соттордун тартип комиссиясы коррупционер Насирбек Алмаматовду бошоткон 3 судьянын жоопкерчилигин карай баштады. Буга чейин Бишкек шаардык сотунун 3 фемида өкүлүнө карата чара көрүү боюнча коомдук бирикме жана Башкы прокуратура өтүнүч келтирген.

Арызданган тараптар судьялар тиешелүү нормаларды одоно бузган деген жүйөөлөрдү келтиришүүдө. Отурум жабык эшик артында өтүп, ага үч фемида өкүлү тең келди. Бирок эч кандай чечим кабыл алынган жок. Отурум кайра уланмай болду. Коррупция үчүн 12,5 жылга соттолгон аткаминерге жеңил жаза берген судьяларга карата кандай чара көрүлөт?