Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду

603

«Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун кылмыш иши токтотулду. Бул маалыматты депутат өзү тастыктап ага коюлган айып далилденбегени маалым болду. Шыкмаматовго козголгон иште кылмыштын курамы жок экени аныкталып, токтотулган.

Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны 14600 долларга тендер аркылуу өз мекемесине сатууга аралашкан деген айып тагылган. Бул иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Бирок депутат соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Экинчи инстанция райондук соттун өкүмү жокко чыгарып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.