Алматыда кыйраган учактын «кара кутусу» Москвага жөнөтүлдү

919

Ан-28 учагы кулаган жерде табылган маалыматтар боюнча экспертиза Москвада жүргүзүлөт. Бул тууралуу 4-октябрда кырсыктын себептерин иликтөө комиссиясынын жетекчиси, Казакстандын инвестициялар жана өнүгүү министринин орун басары Роман Скляр билдирди.

«Кырсык болгон жерде бир катар керектүү маалыматтар табылды, чечмелеп иликтөө үчүн алар КМШнын Москвадагы мамлекеттер аралык авиация комитетинин лабораториясына жөнөтүлдү», — деди Скляр.

Алматыдан Шымкент шаарына учкан Ан-28 учагы 3-октябрь кечинде Алматыдан алыс эмес жерде кырсыкка учураган. Анын жыйынтыгында учактын ичиндеги беш киши тең мерт кеткен.

Комиссия жетекчисинин маалыматы боюнча, 1990-жылы чыккан учактын учууга жарактуулугу тууралуу сертификатынын мөөнөтү 2018-жылы жайында аяктамак. Скляр иликтөө аяктагандан кийин анын жыйынтыктары расмий жарыяланарын кошумчалады.

Мурдараак Алматы эл аралык аэропортунун коопсуз учуулар боюнча инспекциясынын башчысы Виктор Аушев учактын учуу маалыматтары оттон жабыркаганын билдирген.