Алматыдан 150 кыргызстандык Бишкекке эвакуацияланды (видео)

1774

Казакстандын Алматы шаарынан 150 кыргызстандык жаран Бишкекке эвакуацияланды. Аларды Ак-Жол өткөрмө бекетине Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов жеткирип келди. Кошуна өлкөдөгү куралдуу тополоңго байланыштуу өз өлкөсүнө кете албай калгандардын арасында кары-картаңдар, студенттер жана жеке иштери менен баргандар арбын.

Аларга консулдуктун өкүлдөрү түнү менен телефон чалып, чогултушкан. Ошондой эле, бул жолку эвакуацияга жетишпей калгандар да бар экени белгиленди. Андыктан дипломатиялык өкүлчүлүк жеткирүү иштери бүгүн-эртең дагы улантыларын билдиришти.