Алмазбек Атамбаев адам өлтүрүүгө шек саналды (видео)

3457

Кой-Таштагы окуяда ок тийип каза болгон УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмү боюнча бир гана Алмазбек Атамбаев эмес, анын жанында жүргөн тарапташтары да жазага тартылышы керек! Мындай талапты маркумдун апасы Өктөм Мамаева коюуда.

Мурдагы президентке «адам өлтүрүү» беренеси боюнча маалымдама тапшырылганы белгилүү болду. Буга чейин, Үсөн Ниязбеков Атамбаевге таандык снайпердик куралдан атылган октон курман болгондугу айтылган. Бирок аны ким атканы тергөөнүн кызыкчылыгынан улам ачыкталган эмес.