Алмазбек Атамбаев АКШнын ири компания өкүлдөрү менен жолугушту

1048

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йорк шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында, америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда өлкө башчысы Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди.

«Акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгында, чет өлкөлүк ишкерлер биздин мамлекетке тартыла баштады», деди президент. Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айлантуу максатын койгонбуз. Эми биздин өлкөдө ишкерлерди Салык кызматы гана текшере алат. Бизнес максималдуу түрдө коргоого алынган.

Ошондой эле, президент Евразиялык экономикалык жана Евробиримдигине мүчө өлкөлөргө пошлинасы жок товар жөнөтүү мүмкүнчүлүгү ачылганын белгиледи. «Бизнес саясаттан тышкары болушу керек, бир дагы экономикалык долбоор саясатташпашы керек», деди Алмазбек Атамбаев.