Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты

870

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Дональд Трампка Лас-Вегастагы окуяга байланыштуу көңүл айтты. «Кыргыз Республикасы тынч жана күнөөсүз адамдарга карата мыкаачылык мамиле кылгандарды кескин айыптайт. Курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», деп айтылат телеграммада.

Эскерте кетсек, жекшемби күнү кечинде Лас-Вегаста 64 жаштагы тургун  мейманканын 32-кабатынан музыкалык фестивалдын катышуучуларына ок чыгарып, андан соң өз жанын кыйган. Бул окуядан 59 адам каза таап, 527 киши жаракаттарды алышкан.