Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту

852

Президент Алмазбек Атамбаев Чүй областынын Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушту. Иш чара суроо-жооп форматында өтүп, жергиликтүү жашоочулар өлкө башчысына мектеп, бала бакча, жол куруу, таза суу маселелери боюнча кайрылышты. Ошондой эле, этникалык кыргыздарга жарандык бер тууралуу да суроолор айтылды. Бул боюнча президент конкретт тапшырмаларды берди.

Жолугушуунун соңунда, Алмазбек Атамбаев район элине туруктуу колдоп келгени үчүн ыраазычылык билдирди. Президенттин айтымында, Кыргызстан өз жолун тапты, баардык ресурстар жана байлыктар элге иштетилип жатат. Мамлекет бул жолдон кайтпайт, деди өлкө башчысы.