Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Өзбекстанга мамлекеттик визит менен барды

890

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик визит менен барды. Өлкө жетекчисин аэропорттон Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиеев өзү тосуп алды. Андан кийин, кийин президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги «Эгемендик жана гуманизм» монументине гүл койду.

Ошондой эле, эки өлкөнүн башчылары айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Эки күндүк визиттин алкагында, президенттер тар жана кеңири курамда жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Андан сырткары, Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу протоколуна кол коюлат.