Алмазбек Атамбаев бир нече оор кылмышка шектелип жатат

720

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече оор кылмышка шектелип жатат. Бул «адам өлтүрүү», «бийлик өкүлүн коркутуу» же «ага карата зомбулук», «кылмышка аракеттенүү», «барымтага алуу», «куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «массалык башаламандык уюштуруу».

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ар бир кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынып, өч алуу максатында же бирөөнү кылмыштуу куугунтукка тартууга жол берилбеши керектиги боюнча президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан катуу талап коюлганын баса белгиледи. Буга чейин мурдагы президент «коррупция» беренеси боюнча айыпталып жатканы айтылган.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта Кой-Таштагы үйүнөн Ички иштер министрлиги жүргүзгөн атайын операцияда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакка алынган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.