Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту

898

Жолугушуунун  алдында мамлекет башчысы  БУУнун штаб квартирасындагы ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутеррешти  “Достук” ордени менен сыйлады. Мамлекет башчысы БУУнун системасын жана жекече  Башкы катчыны  өлкөгө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Антониу Гутерреш  Кыргызстанга жасаган сапарын  жылуулук менен эскерип,  дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө мисал боло алган, көп аспектилерде БУУнун маанилүү өнөктөшү болгон өлкө менен мамилени БУУ жогору бааларын белгиледи. БУУнун Башкы катчысы  Кыргызстандын ак илбирсти сактоо боюнча Дүйнөлүк форум өткөрүү жана санариптик трансформациянын “Таза коом” улуттук программасы сыяктуу демилгелерин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын БУУнун системасы менен  кызматташуусунун маселелери талкууланды.