Алмазбек Атамбаев экс-президент макамынан ажырады (видео)

1043

Алмазбек Атамбаевди суракка чакырууга, кылмыш ишин козгоого, камакка алууга жол ачылды. Парламенттин тарыхында биринчи жолу мындай саясий чечим кабыл алынды. 103 депутаттын добушу менен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусунан ажыратылды.

Жогорку Кенешке мындай өтүнүч Башкы прокуратура тарабынан келтирилди. Башкы көзөмөл органдын жетекчиси Өткүрбек Жамшитовдун айтымында, эми Алмазбек Атамбаев тергөөчүлөргө суракка чакырылып, ага каршы көрсөтмө бергендер менен көздөштүрүлөт. Эгер мурдагы президентке карата айтылган дооматтар ырасталса, кылмыш иши козголот.