Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кетти

685

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарындагы Россиянын авиабазасы аркылуу Москва шаарына учуп кетти. Анын коомдук башталыштагы кеңешчисинин тараткан маалыматына караганда, чакырган тарап ага атайын «РусДжет» учагын жиберген. Атамбаевди коштоп Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов да кетишти.

Сапарга чыгардын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Бирок анда Россияга аны ким чакырганын жана сапардын максатын ачыктаган жок. Бирок тиешелүү тарап менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин Кыргызстанга кайра 25-июлда, кайтып келерин билдирди. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны Канттагы Россиянын авиабазасына чейин коштоп барышты.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаевге үч жолу тергөө кызматына чакыруу келип, үчөөндө тең мурдагы мамлекет башчысы барбай койгон. А түгүл ушул дүйшөмбү күнү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган болчу. Ага чейин 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ага ылайык, укук коргоо органдары Атамбаевди кылмыш жообуна тарта алышат.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата депутаттар тарабынан айтылган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Анда «экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, ТЭЦке көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон», — деген айыптар айтылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.