Алмазбек Атамбаев коопсуздук кеңешинин тар курамдагы жыйынын өткөрдү

750

Анда өлкөдө үгүт маалындагы абал жана Жогорку Кеңештин депутатынын бийликти басып алууга даярданган, деп шектелип кармалышына байланыштуу президенттик шайлоодо биринчи кезекте улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтар айтылды. Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдары үгүт маалында жана шайлоо күнүндө коомдук тартипти өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

Өлкө жетекчиси өкмөт башчыга жарандарды өз тандоосун эркин жүргүзүү үчүн туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды. «Кыргызстан үчүн өтө маанилүү маалда чагымчылдыкка жол бербей, жарандарга тынчтыкты камсыз кылышыбыз керек. Башаламандыктарды уюштуруу аракети аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүү зарыл. Шайлоо алдында өлкөдө абалды курчутууну көздөгөндөргө катуу бөгөт коюлат», деди Атамбаев.