Алмазбек Атамбаев: Прокуратура мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп турууга тийиш

1180

Прокуратура президенттин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп турууга тийиш. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев прокуратура кызматкерлери үчүн курулган үйдүн ачкычын тапшыруу учурунда билдирди.

Иш чарада өлкө башчысы тармакта жүргүзүлгөн реформа тууралуу айтып, аталган органдын курамы тазаланып жатканын белгиледи. Прокурорлор мамлекеттин атынан атка минерлер мыйзамдарды кандай сактап жаткандыгына көз салып, таза жана ак ниет иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш, деди Атамбаев.

Президенттин айтымында, өлкөдө башаламандык болушун каалаган көп күчтөр дагы деле бар. Аларга демократиянын кереги жок, бизге болсо чыныгы демократия керек. Ал эми демократия – мыйзамдын диктатурасы, — деди Атамбаев.