Алмазбек Атамбаев: Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо дагы таанылат

2577

Шайлоонун жыйынтыгы кандай болсо дагы таанылат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Өлкө башчы бүгүн жубайы менен Бишкектеги №5 кесиптик лицейинде жайгашкан №1209 участогунда добуш берди.

Андан соң журналисттер менен жолугушту. Президенттин айтымында, экинчи тур болушу мүмкүн. Бирок эл кандай тандоо жүргүзүлбөсүн таанылып, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылбайт.