Алмазбек Атамбаев сотко келүүдөн баш тартты (видео)

542

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумга келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Мындан улам, жараян 14-октябрга жылдырылды.

Процесске 4 айыпталуучу чакырылган. Алар: экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ошол кездеги төрагасы Зарылбек Рысалиевдин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов.