Алмазбек Атамбаев тергөөгө тоскоолдук жаратабы? (видео)

1232

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тергөөгө барбайм, кармоо үчүн келгендерге курал колдоном, деген сөзү мыйзамга туура келбейт. Эгерде ал ушул багыттты карманып, көгөрө берсе — анда тишелүү кызматтар күч колдонууга мажбур болот. Мындай пикирин бир катар саясатчылар билдиришүүдө.

Мурдагы президенттин сөзүнөн кийин бир катар аксакалдар, интеллигенция өкүлдөрү, саясат таануучулар чогулуп, элди ынтымакка чакырган жыйын курушту. Алар Атамбаевди өз чындыгын бир гана тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө жана сот залында далилдөөгө чакырышты. Мыйзам өкүм сүргөн өлкөдө мындан башка жол жок, дейт эксперттер.