Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды

1113

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди. Атап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен Сочи шаарындагы боло турган жолугушуусуна, президент Алмазбек Атамбаевдин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына жумушчу сапарына, аталган иш чарага катышуунун  алкагында Кыргызстан демилгелеген иш чараларга катышуусуна даярдык көрүү туурасында маалымат берилди.

Мындан тышкары Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жооп иретинде мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча  иштердин  жүрүшү талкууланды.

Президент алдыдагы иш чараларга дыкаттык менен даярдык көрүү жана  улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен, негизги өнөктөштөр менен ар тараптуу  мамилелерди  өнүктүрүүгө багытталган өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын  мындан ары ишке ашыруу  боюнча  бир катар тапшырмаларды берди.