Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн банк эсептери текшерүүгө алынат

817

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн банк эсептери текшерүүгө алынат. Бул тууралуу чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынганын бир топ маалымат булактары жазып чыгышты. Ал токтомго ылайык, коммерциялык банктардан айрым адамдардын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга макулдук берилет.

Маалыматтарга караганда, тиешелүү тизмеге экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары жана башка жарандар болуп, жалпысынан 22 адамдын тизмеси кирген. Муну менен сот тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырган.

Бул маалыматты экс-президенттин кеңешчиси да тастыктап, бирок ал Алмазбек Атамбаевдин жеке өзүнүн депозиттик эсеби жана банктык кутусу да жок экенин айткан. Банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби бар экенин жана ага да камак салынганын билдирген.

Эске салсак, өткөн бейшемби күнү Атамбаевди кылмыш жообуна тартыш үчүн кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө сунуш парламентте 100 добуш менен колдоо тапты. Депутаттык комиссиянын корутундусунда Атамбаевге алты пункттан турган айыптоо тагылып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.