Алмазбек Атамбаевге «КРнын Баатыры» артыкчылык даражасы ыйгарылды

896

Президенттик кызматка киришкен Сооронбай Жээнбековдун биринчи жарлыгы чыкты. Инаугурация күнү убада кылгандай эле, мамлекет башчы экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү тууралуу документке кол койду.

Жарлыкта Атамбаевге «элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чындоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн ушундай жогорку даражадагы сыйлык берилди, деп жазылган.

Ошондой эле, экс-президентке “Ак шумкар” өзгөчө белгиси да тапшырылат.