Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоо талап кылынды (видео)

537

Саясатчылардан турган топ экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата тезинен кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Бул боюнча алар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылышты. Бишкекте былтыр күзүндө курултайда коюлган талаптардын аткарылышы каралды. Бул жолу жыйынга чогулгандар кескин билдирүүлөрдү жасашты.

Алардын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийликти узурпациялоо болгон, бул өтө оор кылмыш катары эсептелгендиктен экс-президенттин кол тийбестигин алууну күтпөй эле иш козгоого мыйзам жол берет. Мындан тышкары, саясатчылар мурдагы өлкө башчысынын байлыгынын булактарын текшерүүнү талап кылышты.