Алмазбек Орозалиевге ИИМ башчысынын милдетин аткаруу милдети жүктөлдү

4569

Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруу Алмаз Орозалиевге жүктөлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирди. «Биз кырдаал оор күндөрү 6-7-8-октябрда өлкөнүн коопсуздугун жана тартипти сактоо максатында жүктү мойнубузга алып иштедик.

Ошол күндөрү бул жоопкерчилик ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары Курсан Асановго жүктөлгөн. Ал өзүнө жүктөлгөн милдетти жакшы аткарды. Бирок биздин милдет кайсы бир кызматты басып алуу эмес. Ошондуктан, ал бүгүн министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берди. Азыр бул кызмат министрдин орун басары Алмаз Орозалиевге жүктөлдү», деди Суваналиев.

Мурдараак айрым басылмалар ИИМдин жеке курамы Курсан Асанов менен кызматташуудан баш тартышканын жазып чыгышкан. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы жарым-жартылай ырастап, башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле ИИМ дагы мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып баруусун талап кылып жатышканын билдирди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрдагы нааразылык митингдеринен кийин кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экени кабарланып, 6-октябрдан бери ишке чыкпаганы маалым болгон. Андан кийинки, министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов да 6-октябрдан бери жумушка келген эмес.