Альтернативдүү жолду курууга 68 млн. доллар насыя 32 жылга берилет

760

Түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативдүү жолун курууга Азия өнүктүрүү банкы 68 миллион доллар насыя берет. Бул трассанын Кочкордон Эпкин айылына чейинки бөлүгүн каржылоо маселеси чечилбей келген.

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин айтымында, трассанын калган бөлүгүнө акча табылып, 68 чакырым жерине каражат изделип жаткан. Азия өнүктүрүү банкы кредитти 32 жылга бермей болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.