Алтын чайкаган фабрикадагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

714

Тогуз-Тородо алтын чайкаган фабрикага коюлган өрттөн «Джи Эл Макмал Девелопмент» компаниясына таандык эки «КамАЗ», эки экскаватор, бир автокран, эки контейнер, бир административдик жана беш өндүрүштүк имарат күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Окуяга байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан “бейбаштык”, “бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу” жана “массалык башаламандык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кечээ күнү миңге жакын жергиликтүү тургун алтын чайкаган заводдун курулушуна каршы митингге чыгып, комбинатка өрт койгон. Ошондой эле, коопсуздукту камсыз кылууга барган тартип сакчыларына таш ыргытып, үч адам жабыркады. Тогуз-Торолуктар ишканадан чыккан калдыктар экологияга зыянын тийгизип жатканын айтышууда.

Кечээ күнкү окуядан кийин премьер-министр райондун акими Тилек Идирисовду жумуштан алды. Казарман айылындагы кырдаал боюнча бүгүн парламентте бир нече депутат билдирүү жасап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөн аткаминерлерди жазалоону талап кылышты.