Алтын концентраттар эмне үчүн чет өлкөгө ташылууда? (видео)

784

Кытайлык компания Кара-Балта шаарына алтын кошулмасын иштетүүчү завод курууга кызыгып жатат. Баасы 150 миллион долларды түзгөн долбоорду жүзөгө ашырууга эки жыл убакыт кетет экен. Эгер фабрика салууга уруксат берилсе, кытайлык компания Кыргызстанда казылган алтын концентраттарынын баарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок азырынча кайсы аймакка курулаары чечиле элек. Учурда Кара-Балта шаары каралууда. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргызстандан Кытай менен Казакстанга ири көлөмдөгү алтын кошулмалары чыгарылган. Ал эми андан өндүрүлгөн баалуу металл толугу менен артка кайтарылбайт. Мындан улам өлкөдө завод куруу керектиги айтылып келген. Бүгүн бул маселени Жогорку Кенештин депутаты тармактык адистер менен талкуулады.