«Алтын кум», «Рохат», «Дилором» пансионаты жеке инвесторлорго берилиши мүмкүн

891

«Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» мамлекеттик пансионаттары жакында жеке менчик башкарууга берилиши мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган 3 пансионат жеке инвесторлорго берилгени менен мамлекеттин мүлкү болуп кала берет. Учурда бул маселе Финансы министрлигинде каралып жатыптыр. Аткаминерлердин айтымында, эс алуу жайларынын имаратынын эскилиги жеткен. Объекттерден жылына казынага болгону 3 миллион сом киреше түшөт экен.

Эске салсак, 2017-жылы кыргыз өкмөтү Ысык-Көл жээгиндеги 4 пансионатты убактылуу пайдалануу укугу менен Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган. Анда Өзбек тарап пансионаттардагы тейлөө деңгээлин көтөрүп, инвестициялоо боюнча милдеттенме алмак. Бирок бул келишимдин тагдыры эмне болгону белгисиз.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.