Алтын уурдагандардын артында кимдер турат? (видео)

2559

Солтон-Сары кенинде курамында алтын бар кошулманын уурдалышы боюнча «Кыргызалтын» ишканасы дагы ички иликтөөсүн баштады. Алгачкы жыйынтыктардын негизинде 18 адам кызматтан четтеди. Тергөөнүн жүрүшүндө камакта жаткан 3 адамдын жанына башка кызматкерлер дагы кошулушу толук мүмкүн.

УКМКнын маалыматына таянсак, бир нече адамдан турган топ руданы системалык түрдө уурдап келишкен. Алар көмүскө жол менен ташып чыккан алтын кошулмаларын Нарын жана Чүй областарына алып келип сатып жүрүшкөн.