Алтынай Өмүрбекова парламент төрагасынын орун басарлыгынан кетти

822

Депутат Алтынай Өмүрбекова бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан кетти. Эл өкүлү жыйындын жүрүшүндө кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканын билдирип, арызын окуп берди.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова вице-спикерлик кызматка 1,5 жыл мурда шайланган. Анын кесиптештери Алтынай Өмүрбекова вице-спикер болуп иштеп турган учурда, бир топ олуттуу иштер жасалганын баса белгилешти.

Өмүрбекова өз ишмердүүлүгүн мындан ары депутат катары уланта бермекчи.