Алтынайдын образы аркылуу балалык сүйүүсүн эстеген актриса (видео)

2671

«Биринчи мугалим» повести кайрадан театр сахнасында. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын өз көрүүчүлөрүнө тартуулады. Бул иш-чара залкар жазуучунун 90 жылдыгынын урматына карата жана мамлекеттик тил жумалыгын утурлай даярдалган.

21-сентябрдан 30-сентябрга чейин коюла турган спектакль мугалимдердин коомдогу кадыр-баркын көтөрүү, жаштарды билим алууга чакыруу идеясын камтыйт. Ошондой эле, окуучу менен мугалимдин ортосундагы таза, аруу сүйүүнү даңазалайт. Режиссёр Камат Касенов аны жаңыча көз караш менен ишке ашырган.