Альвеококкоз дартына чалдыккан Толкун Обонбаевага жардам керек (видео)

4911

12 жылдан бери альвеококкоз оорусунан жабыркап келген Толкун Обонбаева жардамга муктаж. 4 баланын энесине тез аранын ичинде операция жасалышы керек. Ал үчүн 500 миң сом талап кылынууда. Бирок элдин малын багуу менен алектенген жөнөкөй үй-бүлөнүн буга чама-чаркы жетпей келет.

Эгерде кайрымдуу адамдар каражат жагынан көмөктөшсө, керектүү сумманы чогултулары менен Түркиядан дарыгерлерди чакыртат элек, дешет Нарын шаарынын тургундары. Антпесе Толкун Обонбаеванын бир айдан бери боору чоңоюп, кыйналып жатыптыр.