Алыска сапарга чыккандардын коопсуздугуна ким жооптуу? (видео)

926

Кыргызстанда ички жана эл аралык каттамдагы эл ташыган автобустар текшериле баштады. Мындай чечим Казакстанда 52 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан соң кабыл алынды. Текшерүүнүн алкагында, Транспорт министрлигинен лицензия алып, эл ташууга ылайыкташкан автобустардын техникалык абалы каралып, талапка жооп бербегендерге чара көрүлөт. Кечээ күнү Казакстанда Самара-Шымкент автожолунда бараткан жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кетип, 52 адам каза тапты. Алардын баары Өзбекстандын жарандары. Кырсыктан беш киши ар кандай жаракаттарды алган. Маалыматтарга караганда, Россияга сапар алган автобуста эмгек мигранттары болгон.