Америкалык ырчы Ош аймагында акысыз концерт берди (видео)

842

Кыргызстан менен Америка элдерин өз ара жакындаткан иш-чара. АКШдан келген ырчы Джина Чавез Ош аймагында акысыз концерт берип, ага айыл тургундары жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды. Латын музыкасынын аткаруучусу Джина Чавес көрөрмандарга жылуу маанай тартуулап, кыргызча да обон созду. Концерттин жүрүшүндө ырчы Джина Чавезди коштоп келген ансамблдин катышуучулары балдарды музыкалык аспаптары менен тааныштырып, аларда ойноо боюнча мастер класс да өтүштү. Чет элдик коноктор балдарга келечекте дагы келерин убада кылышты.